Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  28-чакырылган кезектеги  XIX (он тогузунчу) сессиясы

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  28-июлу №141/XIX-28                                                Алмалуу айылы

 

Салык агенти төлөөчү киреше салыгынын жана АЧЖМФ (ФПС) жерлеринин ижара акысы салыгынын планын көбөйтүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 155-беренесинин негизинде 2023-жылга карата бюджеттин салык агенти төлөөчү киреше салыгын жана айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондусунун (ФПС) ижара акысынын планын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

  1. Салык агенти төлөөчү киреше салыгынын 2023-жылга планы 700,0 мин сомго көбөйтүү менен бекитилсин.
  2. Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондусунун (ФПС) ижара акысынын планы 1500,0 мин сомго көбөйтүү менен бекитилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага                                                                                                   Ж.Бейшекеев

Leave a Reply