Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2023-жылдын 28-июлу №140/XIX-28 Алмалуу айылы
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 95- беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-2026-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 21580,9миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 22581,4миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 23425,4миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага Ж.Бейшекеев
