Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2023-жылдын 28-июлу №142/XIX-28 Алмалуу айылы
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин салык агенти төлөөчү киреше салыгынын жана АЧЖМФ (ФПС) жерлеринин ижара акысы салыгынын 2200,0 мин сомго көбөйгөн пландын чыгаша бөлүгүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизиде 2023-жылга карата бюджеттин салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча 700,0 (жети жүз) мин сомго жана айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондусунун (ФПС) ижара акысынын планы 1500,0 (бир миллион беш жүз) мин сомго, жалпысынан 2200,0 (эки миллион эки жүз) мин сомго көбөйгөндүктөн, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2200,0 мин сом чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй каралсын:
– Айыл өкмөтүнүн чатырын оңдоп-түзөөгө 300,0 мин сом каралсын;
-Уч-Эмчек айылынын Кыпчак жана Жантай көчөлөрүнө кум-шагыл төгүү үчүн күйүүчү май алууга 200,0 мин сом жана грейдер техника жалдоого 137,0 мин сом каралсын,
-Таш-Башат айылынын жаны конуштарына электр энергиясын тартууга электр мамычасын жана электр чубалгыларын сатып алууга 200,0 мин сом каралсын, – Карагай-Булак айылынын таза суусуна суу түтүктөрүн алууга 300,0 мин сом каралсын,
-А.Сулайманов орто мектебине окуучуларга окуу парта алууга 200,0 мин сом каралсын,
-Норус айылынын суу топтоочу жайын тосууга материал алууга 100,0 мин сом каралсын;
-Тогуз-Булак айылына сугат суусуна труба алууга 650,0 мин сом каралсын.
-Жогорку-Ичке-Суу айылына футболдук аянтчасын курууга материал сатып алууга 63,0 мин сом акча каражаты каралсын.
-О.Болобалаев орто мектебинин дааратканасынын саркынды системасын оңдоого керектелүүчү материалдарын сатып алууга 50,0 мин сом акча каражаты каралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага Ж.Бейшекеев