Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  28-чакырылган кезектеги  XIX (он тогузунчу) сессиясы

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2023-жылдын  28-июлу №140/XIX-28                                                Алмалуу айылы

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  2024-2026-жылдарынын  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолуна макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 95- беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин  2024-2026-жылдарга божомолунун  киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

  1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 21580,9миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 22581,4миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
  3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 23425,4миң сом жана теңдөөчү грант 11729,0 миң сом менен бекитүүгө макулдук берилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага                                                                                                   Ж.Бейшекеев

Leave a Reply