Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы–Тологонов Аскат Момуналиевичтин “Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022- жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө” берилген баяндамасы:
Саламатсыздарбы?
Бүгүн, Мен өзүмдүн кыскача баяндамамда 2022-жылдын 12-айынын жыйынтыгы менен Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу баяндамакчымын.
2022-жылдын он эки айынын ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача токтоло кетсем:
- Бюджеттик киреше:
Жергиликтүү бюджеттин план-салык чогултуу 118,5 % ке аткарылды. Планга 6654,6 миң сом болсо, чогулганы 7883,5 миң сом чогултулду. Атап айтканда; короо-жай жер салыгы план 190,0 мин сом, аткарылышы 278,8 мин сом, аткарылганы 134,0 %, айыл-чарба эмес жер салыгы план-460,0 аткарылганы 511,2, 111,1% түздү , мамлекеттик фондундагы айыл-чарба жерлеринин ижара салыгы планы 400 мин сом, фактысы 362,7 мин сом, аткарылганы 90,7% түздү, унаа салыгы планга 1265,0 миң сом, чогулганы 1283,4 миң сом , аткарылганы 101,5 % түздү, жайыт салыгы чогулганы 326,646 миң сом, аткарылышы 100%.
- Айыл чарба
Айыл-чарба багытында 2022-жылдын жазгы айдап себүүдө 83 га буудай, 380 га арпа, сулуу-1га, картошка 235 га, жашылча 30 га,жүгөрү-51 га,көп жылдык чөп 100 га жер тилкесине айдап себилди.
Жергиликтүү дыйкандарга “Элдан” жана “Таза-жан” үрөн чарбасынан жазгы айдап себүүгө дотатциялык 6,3 т жаздык буудай.69,2 т арпа ,беде 1,1 т сулуу, 1,9 т арпа алууга 134 жарандын тизмеси жөнөтүлгөн.
Отчеттук мезгилде айыл аймакта айыл чарба азыктарын өндүрүү; дан эгини 720,0 тонна, картошка 235,8тонна, жашылча 3112,0 центнер өндүрүлдү.
Мал чарбачылыгы боюнча; 2023-жылдын 01-январына айыл аймакта ийри мүйүздүу мал 4826 баш,анын ичинде саан уй баласы 2861, кой-эчки 11187 баш, анын ичинен тубары 10414, жылкы 1799 баш, анын ичинен тубар бээ 1314, үй-канатуулары 4004 башты түздү .
Ветеринардык адистер тарабынан аймактагы баардык мал-жандыктарды эмдөө иштери өз убагында жүргүзүлүп турат.(Шарп,бруцеллез.туберкулез, кара сан,сибирь кулгунасы,ж.б. Азыркы учурда жугуштуу оорулар боюнча кырдаал көзөмөлдө турат.
- Билим берүү:
Ысык-Ата айыл аймагында 5 орто мектеп бар. Ысык-Ата айыл өкмөтү мектептердин кезектеги оңдоосуна 169,9 мин сомго актап, сырдоочу каражаттар, 173,8 мин сомго кенсе жана чарба буюмдары сатып алынып берилди. Күз-кыш мезгилине карата мектептерди жылуулук менен камсыздоо үчүн 160 тонна көмүр тоннасына 5,5 мин сомдон жалпысынан 880,0 мин сом акча каражаты которулуп, көмүр камсыз болду.
Ысык-Ата айыл аймагындагы Тогуз-Булак айылында А.Мурзалиев орто мектебинин 2 кабаттуу жаны имараты салынып жатат. Демөөрчү Сауд Араб өнүктүрүү фондусу, жалпы долбоордун наркы 60,0млн.сом, долбоор боюнча эки кабаттуу имарат, спорт залы менен, футбол аянтчасы менен, өзүнчө от калоочу жайы менен мектеп имараты салынат. Азыркы учурда жумуштун 85 % аяктап, ички жасалга, коммуникацияларга туташтыруу, тышкы көрктөндүрүү жумуштары калды. Аткарылган жумуштар: эки кабаттуу имарат салынды, тышкы жасалгасы, шыбагы жасалды, эшик, терезелери салынды, чатыры жабылды, от калоо системасы орнотулду, спортзалы салынды, кичи футбол аянтчасы салынды, от калоо имараты салынды.
2022-жылы Чүй облустук өнүктүрүү фондуна Карагай-Булак айылындагы Сулайманов орто мектебинин айланасын тосууга 1 млн. 589,2 мин сомго долбоор жазылып,ийгиликтүү өткөн.Жыйынтыгында тендер өтүп ЖЧК “Универсал Молл сервис” ишканасы 1млн. 163,5 мин сомго женүүчү болуп табылып, А.Сулайманов мектебинин тегереги 385 метр аралыкта тосулду.
АРИС агенттигинин “ПСИ-3 программасынын” алкагында долбоор жазылып А.Сулайманов – 7 компьютер, А.Мурзалиев- 6 компьютер , О.Болобалаев – 16 компьютер, 3 орто мектебине-29 компьютер, 3 түстүү принтер, 3 жөнөкөй принтер, 21 тыншоочу аспап (наушник), 29 компьютердик столу, отургучу менен алынып берилди. Жалпы суммасы -1,772 мин сом.Анын ичинен өздүк салым айыл өкмөтүнүн бюджетинен -66,8 мин сом бөлүнүп берилген.
Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин “Билим келечек үчүн” долбоору аркылуу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн мектептерине компьютерный класстарга эмерек алынып берилди. Наркы 384,0 мин сомду түздү. А.Мурзалиев мектебине- 21 компьютер, О.Болобалаев – 21 компьютер, Ш.Рахманов – 21 компьютер, О.Жакишева- 21 компьютер алынып берилди.
- Социалдык тармак:
Ысык-Ата айыл аймагындагы элдин аярлуу катмары болгон мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө жана анын балдарына, жетим –жесирлерге, турмушу оор абалда жашаган үй-бүлөөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен он ай ичинде 26,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип,материалдык жардамдар берилди, Карылар күнүнө 80 жаштан жогорку 71 кары адамга 60,3 мин сом акча каражаты бөлүнүп,берилди.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 2022-2023 жылдын күз-кыш мезгилине даярданууга 31 500 (отуз бир миң беш жүз )миң сомго көмөк көрсөтүлүп, айыл аймактагы 21 тургунуна көмүр алууга жардам көрсөтүлдү.
Социалдык контракт алуу боюнча Ысык-Ата айыл аймакта бул жылы 5-6 баласы бар 2 (эки) жесир калган айыл тургундарына Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жардам берилди: анын ичинен, Усупова Д. бир бодо мал (уй) 85 000 (сексен беш миң) сомго, 15 000 (он беш миң) сомго тоют-чөп алган, Абдыкаарова Э. 2(эки) кунаажын 100000( жүз миң) сомго алган, бардыгы 200 000 (жүз мин) сомду түздү.
Кырыз Республмикасынын ӨКМ нин Материалдык резервтер фондусунан арзан баада 110 үй-бүлөөгө 690литр май жана 450кг. кум шекер мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар 118440 сомго алышкан.
Карылар күнүнө 60,0 мин сом акча бөлүнгөн, 71 адамга 850 сомдон жууркан алынып берилди. Маданият жана искусство кесиптик майрамына китепканачыларга 5000 сом берилип, ар бирине 1250 сомдон таратылды. Күз-кыш мезгилине карата аз-камсыз үй-бүлөлөргө 31,500 сом бөлүнүп 21 адамга 1,500 сомдон таратылды. Ден-соолугу чектелген адамдарага 58,000 бөлүнүп, 116 жаранга 500 сомдон берилди.
- Маданият жана спорт тармагы:
21-март Нооруз майрамына карата демөөрчүлөрдүн жардамы менен улуттук ат оюндары уюштурулду.
9-май Улуу Ата мекендик согуштун Жениш күнүнө карата футбол, волейбол оюндары өткөрүлдү.
19-май- Энелер күнүнө карата Тогуз-Булак айылынын клубунда апаларга концерттик иш-чара уюштурулду.
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен Афган согушунун ардагерлер күнүнө-18000 сом, Апрель революциясынын баатырларына-6000 сом, Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына-2000 сом , 9-май Улуу Ата Мекендик согушунун Жениш күнүнө карата -15000 сом, Энелер күнүнө- 54 Баатыр энелерге 30,0 мин сом бөлүнүп берилди, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 44200 мин сомго оюн-зоок программалар уюштурулду, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата 35,0 мин сомго улуттук ат оюндары жана Көк-Бөрү уюштурулду, Мугалимдер күнүнө 25,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- Жол, таза суу, инфраструктура :
Бул тармакта 2022-жылдын он айында “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тогуз-Булак айылындагы суу дарбазасын ремонт кылууга долбоор жактырылып, ишке ашты.
Ысык-Ата айыл өкмөтү “Ас-Салам” кайрымдуулук коому менен биргеликте мындан сырткары ар бир айылга ичүүчү таза суу көйгөйүн чечүү максатында, кошумча ичүүчү суу булактары ачылды: айыл тургундары биргелешип, суу киргизүү жумушун өз күчтөрү менен Уч-Эмчек,Таш-Башат, Алмалуу, Норус, Карагай-Булак айылдарына болжол менен 8 км аралыктан суу түтүктөрү тартылып, кошумча булактары кошулду. Жогорудагы жалпы иштердин баасы болжол менен 3,1 млн сом.
Ысык-Ата айыл аймагында Уч-Эмчек –Тогуз-Булак айылдарынын ортосунда асфальт жолдору жамап түздөө иштери жүргүзүлдү №25 ДЭП тарабынан. Уч-Эмчек айылынын А.Тенизбаев көчөсүндө 1,6км жолго кум-шагыл төгүлдү, жеке демөөрчүлөр тарабынан, Кыпчак жана Бектур у Суеркул көчөлөрүнүн ортосу 740 метр жолго кум-шагыл төгүлүп тегизделди жергиликтүү калктын салымы.
Айылдын жаш тургундары тарабынан жасалган иштер:
-Алмалуу айылынын жаштары тарабынан өз ыктыярлары менен 2 аялдама ондолуп, 1 аялдама салынды жана Тайкашкашкаев көчөсүндө макал-лакаптар, нарк,насилдүү сөздөр такта түрүндө илинди.
- Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу:
Айыл аймактын айылдарын санитарлык тазалоо иштерине айыл өкмөтү тарабынан 25,0 миң сом каражаты бөлүнгөн.Санитардык тазалоонун үч айлык жыйынтыгы менен калктуу конуштарды жана борбордук унаа жолдорун тазалоо иштери убагы менен аткарылып жатты жана 18 500 сом акча каражаты сарпталды.Ысык-Ата токой-чарбасынан 90 түп Тянь-Щань ёлкасы алынып, мектептерге, ФАП тардын айланасына отургузулуп, 10 тонна таштанды чыгарылды. Санитардык тазалоого билим берүү,медицина, маданият кызматкерлери жана айыл тургундары менен биргеликте ишембиликтер уюштурулуп турат.
- Медицина:
– “Ассанабиль” фонду тарабынан 2,4 млн. сомго Алмалуу айылына Үй-Бүлөлүк дарыгерлер тобу толук жабдуусу менен (ЭКГ,УЗИ аппараты, тиш дарылоочу кресло,ж.б.) 2021-жылы июнь айынан тартып, 2022-жылдын январь айына чейин салынып, 19-январь күнү колдонууга берилди.
-“Ассанабиль” фонду тарабынан 3,6 млн. сомго Карагай-Булак айылында ФАП, мечит, хужра, магазин комплекси 2021-жылдын август айынан тартып курулуп 2022-жылдын 16-апрелинде бүтүп ишке берилди.
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлиги тарабынан 1 тез жардам жаны унаасы Алмалуу Үй-Бүлөлүк Дарыгерлер Тобуна берилди. Медицина кызматкерлер күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 25,0 миң сом бөлүнүп берилди.
- Ɵндүрүш тармагы:
Ɵндүрүш тармагы боюнча Карагай-Булак айылынын Чон-Бартак жайлоосунан чакан ГЭС курууга 0,82 га жер тилкеси трансформацияланып “Сапат-Электро” ишканасы тарабынан 170 млн. сом суммадагы чакан ГЭС курууга долбоордун курулуш иштерин жүрүүдө, азыркы учурда ГЭСке баруу жолу салынууда.
Карагай-Булакта Ысык-Ата суусунда ОсОО “Жер-Башы” ишканасы ГЭС курууга 2,04 га жер тилкесин трансформацияланып 2023-жылы курулуш иштери пландалууда.
Үч-Эмчек айылынын Кең-Төр суусунда ОсОО “ Аманат-Энерго” ишканасы чакан ГЭС курууга 1,95 га жер тилкеси трансформацияланып, 2023-жылы курулууда.
- Жарандардын кайрылуулары:
Ысык-Ата айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын он эки айдын ичинде жалпысынан 83 арыз түшкөн. Жогоруда көрсөтүлгөн арыздын баары аткарылган, арыз ээлерине жооптору берилген. 2022-жылдын он эки айдын ичинде түшкөн арыздар төмөнкүлөр:
– Үйдү, жерди каттоо боюнча: 41 арыз, аткарылган жана арыз ээсине жооп берилген,чечимдери берилген.
– Жерди тактоо , ченеп берүү боюнча 17 кайрылгандар: арыздар аткарылды, жерине барып ченеп берилди.
– Материалдык жардам көрсөтүү боюнча: 17 арыз.
– Ар кандай маселедеги арыздар: арыз: 8 арыз.
– Мындан сырткары 253 оозеки кайрылуулар катталган, баардыгы канааттандырылган, оозеки кайрылган жарандар көбүнчө пенсияга чыгуу үчүн кандай документтер керектиги жана паспорт, ЗАГС боюнча документтер, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жөнүндө сурап кайрылгандар, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү справкалар берилген, алардын маселелери канаттандырылган.
2023-жылга коюлган иш-план:
- Алмалуу айылынын бала бакчасын баланска кабыл алып, капиталдык оңдоодон өткөрүү.
- Норус айылындагы Суу топтоочу жайды баланска кабыл алып, капиталдык ондоодон өткөрүү.
- Чакан ГЭСтерди куруучуларга, ишкерлерге көмөк көрсөтүү, ынгайлуу шарт түзүп берүү.
- Алыскы жайлоолорго ферма куруу жайыт комитети аркылуу.
- Ички жолдорду кезектеги ондоодон өткөрүү.
- Алмалуу айылынын О.Болобалаев мектебинин 3-кабатынын капиталдык ондоо иштерин бүтүрүү.
- Алмалуу айылынын мончосун капиталдык оңдоодон өткөрүү.
- Карагай-Булак айылына жаны мектептин имаратын куруу.
- Карагай-Булак айылынын ички жолун 1км.жолун асфальттоо.
- Жогорку-Ичке-Суу,Норус айылдарына ФАП имаратын салуу.
- Үч-Эмчек айылындагы Жакишев орто мектебинин спорт залын куруу.
- Горная-Серафимовка айылына кичи футбол аянтчасын куруу.
- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн тегерегин көрктөндүрүү.
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологонов